Тайвандын Хуалянь аймагындагы темир жолдо болгон кырсык 40 адамдын өмүрүн алып, кеминде 61 адам жаракат алды. Жүргүнчүлөрдү ташыган поезд рельстен чыгып кеткен.
Полиция кызматы журналисттерге билдирген маалымат боюнча, транспорттон 72 адам чыгарыла элек. 61 адам ооруканага жеткирилди. Туннелге киргенде вагондун бир бөлүгү дубалга тийген. Поезд туннелдин ичинен жолдогу таштарды тазалаган техникалык жабдык менен сүзүшкөн деп болжолдонуп жатат. Кырсык учурунда поезддин ичинде жалпы 350 чакты адам болгон.
Тайвандагы темир жолго байланышкан дагы чоң кырсык 2018-жылы октябрда болгон. «Puyuma Express» поезди Илань уездинде бара жатканда рельстен чыгып, анын кесепетинен 22 адам көз жумган. Андан тышкары 170 чакты адам жаракат алган.