Трамп прокурорлордо ага каршы эч кандай далил жок экенин айтты

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Нью-Йоркто өтүп жаткан угууда прокурорлордо ага коюлган айыптар боюнча эч кандай далил жок деп билдирди. Ал дагы бир жолу мыйзамсыз иш кылбаганын белгиледи. Бул тууралуу Fox News жазды. 

«Угуулар көпчүлүктү таң калтырды, анткени аларда эч кандай «сюрприз» болгон жок, бул иште эч кандай далил жок дегенди билдирет. Дээрлик ар бир юрист-эксперт эч кандай далил жок деп билдирди. Мыйзамсыз эч нерсе жасалган жок», — деп жазган экс-президент.

30-мартта Нью-Йорктогу соттун калыстар Дональд Трамптын 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү үчүн каражатты мыйзамсыз сарптоого катыштыгы бар деген айыптоо корутундусу окулду. Кечээ, 4-апрелде экс-президент камакка алынган. Нью-Йорктогу сот отурумунда ал бардык 34 пункт боюнча күнөөсүн мойнуна алган жок. Дональд Трампка айып тагылып, камакка алынгандан кийин соттон чыгып кетти.