Түркияда коронавирус илдетинин кайра тездеп жайылышына байланыштуу 30-марттан баштап иш күндөрү кечки саат 9дан таңкы саат 5ке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынды.
29-мартта президент Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында алааматтуу коронавируска байланышкан чектөөлөр кайрадан киргизилгенин кабарлады. Кабыл алынган чечимге ылайык, 14-апрелден баштап өлкөдө кафе-ресторандарда тамактанууга болбойт. Ал эми тамак-ашты калайык өзү менен кошо ала кеткенге гана уруксат берилет. Ошондой эле Орозо айында көп киши чакырып, “ооз ачтырууга” тыюу салынды.
Президент Эрдоган өлкөнүн 83 миллион калкынын 15 миллиону коронавируска каршы эмделгендигин ачыктады. Анткен менен Түркияда беткап тагуу жана социалдык аралыкты кармоо эрежеси катуу сакталат. Мисалы, көчөгө беткапсыз чыккан кишиге 900 лира (120 доллар тегерегинде) айып салынат. Коомдук унаа, соода борборлоруна жана ресторандарга кардарларга таза экенин тастыктаган код менен гана кирүүгө уруксат берилген.
Расмий маалыматтар боюнча 29-мартта Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөр 31 миң 230 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар 3 миллиондон ашкан.