Түштүк Корея өкмөтү аткаминерлерге Кытайдын DeepSeek жасалма интеллект кызматын колдонууга тыюу салганын Yonhap басылмасы жазды.
Тыюу Тышкы иштер министрлигинин жана Соода министрлигинин жетекчилик кызматтагы адамдарына карата деп белгилешет журналисттер. Мындай чектөөлөр буга чейин Австралияда жана Тайванда бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн киргизилген. Ошондой эле маалымат каражаттары Пентагон да мамлекеттик кызматкерлерине аталган кызматты колдонууга тыюу салынганын жазышты.
Италияда болсо өлкө боюнча DeepSeek’ти колдонууга тыюу салынган. Аталган өлкөлөрдүн маалыматтарды коргоо башкармалыктары маанилүү маалыматтын «чыгып кетишинен» коркуп жатышат деп айтылууда.