Никени сактап калган жаакка чабуу! Уилл Смиттин жубайы ымандай сырын бөлүштү

Жада Пинкетт-Смит жолдошу Уилл Смиттин алып баруучунун жаакка чаап жибергени жолдошу экөөнүн мамилесин сактап калганын айтты.

Актёрдун жубайы Daily Mail басылмасына берген маегинде бул окуя болгучакты жолдошунан кетмекчи болуп жүргөнүн билдирди. Буга экөөнүн солгундап калган мамилеси себеп болгон. «Экөө 7 жыл мурда эле эки жолго түшкөнү маалым болгон, бирок алар расмий түрдө никеде турушуп, дос бойдон калышкан. «Оскар» сыйлыгынан кийин баары башкача болду», — деп жазылат маалыматта.

«Жаакка чапкан окуя мен аны эч качан таштабашым керектигинен кабар берди. Эгер ал окуя болбосо, мамилебиз кандай болмок билбейм. Ал окуядан кийин көп жакшы нерселер болду», — деген ал.

Ошондой эле Red басылмасы менен болгон маегинде ал мындай деген: «Мен Уилл үчүн чындап эле тынчсызданып жаттым. Ошол учурда мен мамилебиз канчалык кыйын болбосун, эч нерсеге карабастан мен анын жанында боло турганымды түшүндүм».