АКШнын Joby Aviation аэрокосмостук компаниясы Улуу Британияда учуучу таксисин сертификаттоо үчүн арыз берди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Учурда компаниянын унаалары АКШнын Федералдык Авиация башкармалыгы тарабынан тастыкталып жатат. Бирок FAA команиянын документи Улуу Британиянын Civil Aviation Authority тарабынан таанылышы мүмкүн. Ошентип, Joby Aviation eVTOL башкарылуучу учактын чет өлкөлүк сертификатын сураган биринчи компания болуп калат.
Такси вертикалдуу учуп-конууга ээ болот, учуунун максималдуу узактыгы 241 километрге жетет. Учурда өлкөдө транспорттун пайда боло турган так убактысы белгисиз.