Дем алыш күндөрү Вьетнамдын түндүгүн каптаган “Яги” тайфуну күчөп жатат. Дүйшөмбү күнү Фу Тхо провинциясындагы Фонг Чау унаа көпүрөсү урап, 10 унаа жана эки скутер дарыяга кулап түшкөнүн Би-Би-Си билдирди.
3 адамды чыгарышкан, дагы 13 адам дайынсыз болуп жатат. Узундугу 375 метр болгон көпүрө толугу менен урап калган эмес, бирок аба ырайынын начар болуп жатышынан улам калыбына келтирүү иштери жүрө элек.
«Яги» ылдамдыгы саатына 203 чакырымга жеткен быйылкы Азиядагы эң күчтүү тайфун. Акыркы эки күндүн ичинде ал 60тан ашуун адамдын өмүрүн алды. Тайфундан пайда болгон жер көчкү жана суу ташкындарынан кеминде 44 адам каза болду.