АЙДОО ФЕСТ 2025: Фестивалдын биринчи күнү ийгиликтүү жыйынтыкталды! Фестивалда жер айдоо боюнча жарыш өтүп, анын тандоо турунан финалга Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарынын командалары чыкты. Эми 27-апрель күнү бул 3 облустун мыкты механизаторлору баш байге — Lovol TE354 тракторун жеңүү үчүн күч сынашат! Ошондой эле фестивалдын алкагында өткөн кой кыркуу боюнча мелдеште 20 катышуучу өз чеберчилигин көрсөтүп, байгеге ээ болушту. Фестивалда айыл чарба техникаларынын жарманкеси, улуттук оюндар, балдар үчүн атайын аянтчалар, мыкты ашпозчулардан палоо жасоо боюнча мастер-класстар жана белгилүү эстрада ырчыларынын концерти көрүүчүлөргө чоң майрамдык маанай тартуулоодо. 27-апрелде финалдык таймаштар өтөт! Бардык каалоочулар жана күйөрмандар Сокулук районунун Кожомкул айылындагы майданга барса болот. Кирүү акысыз! Толук маалымат үчүн байланыш телефондору: +996 550 211 839, +996 556 008 485
Каржылоого акча алып, Умрага жолдомо ут!
"Айыл Банк" ААК акция уюштуруп дагы да кардарларын кубантууда. Бул жолу кичи ажылыкка жолдомо ойнотуп, анын биринчи айлампасынын жыйынтыгы чыкты....