21-апрелде Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесине мүчө-банктарынын эксперттери жана координаторлору катышкан кеңешме болуп өттү. Бул жылы ШКУнун БАБ ишинде Элдик Банк төрага милдетин аткарууда. Кыргызстанга Индия, Кытай, Пакистан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Тажикстандан ШКУнун БАБга мүчө банктарынын делегациялары, ошондой эле, ШКУнун катчылыгынын өкүлдөрү келишти. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар банктар аралык кызматташууну өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Отурумдун жыйынтыктары боюнча ШКУнун БАБ 2027–2031-жылдарга карата орто мөөнөт келечекте андан ары өнүктүрүүнү, ESG, туруктуу жана инклюзивдүү каржылоо тармагындагы кызматташуунун жол картасын иштеп чыгууну кошо алуу менен, бир катар олуттуу документтерге баш тамгалар менен макулдукту бекитишти.
Мээрим Давлетова: “Балам ДЦП менен төрөлгөн. Мендей энелер үчүн реабилитациялык борбор ачып жатабыз”
Косметолог, ишкер Мээрим Давлетова үчүннчү баласы Нурсултан ДЦП диагнозу менен төрөлгөндөн кийин майыптыгы бар баланы тарбиялоонун канчалык оор экенин өз...









