12-декабрда ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK сыйлыктардын экинчи этабын MBusiness жана MKassa компанияларынын “QR аркылуу төлөмдөрдү кабыл ал” акциясынын алкагында өткөрдү. Салтанаттуу иш-чарада экинчи Toyota Camry 80 өз ээсин тапты. Экинчи этаптын жеңүүчүлөрүнүн арасында чакан жана орто бизнестин ар кайсы тармагында иш алып барган ишкерлер да болду. Баш байге – Toyota Camry 80 автоунаасы Бишкектеги «Азия Суши» суши-барлар тармагынын ээсине тийди. «Унааны утуп алганымды билгенде аябай сүйүндүм! Бул менин бизнесим үчүн укмуштуудай колдоо жана алдыга умтулуу үчүн шык берет. Ушундай сонун мүмкүнчүлүк үчүн MBANKка рахмат! Заманбап технологияларды колдонуу ийгиликке алып баруучу жол экенин эми мен так билем», — деп билдирет жеңүүчү.
“Алтын буюм, көп суммадагы акча таап алганбыз” | Клининг кызматындагы кызыктар
Клининг кызматын көрсөткөн "Jannat cleaning" компаниясынын жетекчиси Жаннат Абасбек кызы “Бул тармакта 5 жылдан бери иштейбиз. Бул убакыт аралыгында түрдүү...