14-декабрда Бишкектин Ленин РИИБне “Жашы жете элек кызыма өз атасы кол көтөрдү” деп кыздын апасы арыз менен кайрылган. Биз, 16-декабрда арыз ээсинин үнүн укканыбызда “Кызыбызды өз атасы оозго алгыс сөздөр менен айыптады, аталык укуктан ажыратылышын каалайм” деп маек берген болчу. Ал күнү шектелип жаткан ата убактылуу кармоочу жайда эле. Бүгүн биз экинчи тарапка аянтча берип, окуянын себебин, чырдын экинчи тарабын уктук. Толугу менен видеодо.
Итке таланган баланын окуясы. “Балам 2,5 жашында апасынан калган”
1-апрель күнү Бишкек шаарынын Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда 5 жаштагы Умарды иттер талап кеткен. Натыйжада бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган....









