Жаныбек Жагообаев – “Жардам сбору. Даниель” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү. Ал буга чейин бир нече адамдын чет жерден дарыланып келүүсүнө жардам бергенин айтат. Анын кылган эмгеги ондогон адамдарга үмүт, жүздөгөн үй-бүлөлөргө кубаныч тартуулап келет. Бул ирет ал 4 бейтапты жана алардын жакындарын Индияга коштоп барып келди. Биз фонддун өкүлдөрүн жана бейтаптарды Манас аэропортунан тосуп алдык. Операциясы ийгиликтүү өтүп, кубанычы коюнуна батпаган бейтаптар эмоциялары менен бөлүштү.
Жаныбек Жагообаев чет өлкөдө дарыланууга муктаж болгон жарандарга:ъ
· Индияга барууну уюштуруу;
· Ооруканаларды тандоо;
· Документ иштери;
· Коштоп жүрүүдө жардам бере алат.
“Жардам сбору. Даниель” фондунун байланыш номерлери: +996 220 819 519 (Таалай) +996 700 083 074 (Жаныбек)
Instagram: @jardam_sboru_1 @taalaibek7071









