SUPERTV’га Бишкек шаарынын Рухий Мурас конушунун тургуну актёр Кубандык Камалов жана анын атасы Чырмаш Дооронов кайрылды. Ата-бала “Буга чейин карыз ордуна үйүбүздү алдырып алдык” дешет.
Мындан улам, үй-бүлө убактылуу баш калкалоо үчүн учурда үйдүн сыртына боз үйдү тигип, жашап жатышканын айтышат. Окуя кандайча болгон? Карыз берген адам окуя боюнча эмне дейт? Маселе козголгонуна көп убакыт болсо да, дале чечилбей келе жатканына эмне себеп? Тараптардын үнүн угуп көрдүк.
“Атам бизди зордуктап, камалып, апам энелик укуктан ажыратылган” | Тагдыр
22 жаштагы Зарина Керимкулова бала кезинде атасы тарабынан зордукталып, мындан улам атасы камалып, ата-энеси энелик укуктан ажыратылганын айтат. Ошентип каарманыбыз...









