Баткендеги чек ара жанжалы бүт кыргыздын жан дүйнөсүн эңшерип, кабыргасын кайыштырып кетпедиби. Бул апаатта окко учкан жоокерлердин бири Эсентур Кубанычбеков эми гана 30дун кырына келген. Мамлекеттик чек ара кызматында 2053-аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири Эсентур Кубанычбеков 29-апрелде көз жумду. “Үй бүлө курсам, балалуу болсом” деген тилектери бар капитандын максаттары аткарылбай кала берди. Кубанычбеков 1-май күнү өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жерге берилди. Бул видеодо жанын Мекенге алмаштырган баатырды анын эң жакын досу Урматбек Нурсейит уулу эскерет.
“Досум Эсентур күзүндө үйлөнөм дечү” дейт Баткенде окко учкан жоокердин досу
- Categories: КООМ/ТАГДЫР
Related Content
“Үйүбүздү курулуш компания 13 жылдан бери бүтүрбөй жатат” | Акыйкаттык издегендер
Автор
Айзада Тураркулова
17:45 06.03.2026
Ракка кабылган эне: “Жолдошум, кыздарым, силерди кыйнап койдум. Кичине чыдап койгулачы”
Автор
Айзада Тураркулова
18:15 03.03.2026
“Май куюучу жайда жашаганыма намыстанбайм” | 3 баланын энеси
Автор
СЕРЕП МЕДИА
10:27 02.03.2026
Тагдыр. “Кызым кышкы салатка ууланып, шал болуп калды”
Автор
Айзада Тураркулова
09:02 23.02.2026
АКШда 4 кишинин өлүмүнө айыпталган Бекжандын жакындары: “Окуядан соң ата-энебиз ооруп калды”
Автор
Айзада Тураркулова
09:33 11.02.2026