Буга чейин биздин каналда “Кокус көзүм өтүп кетсе кыздарды жакшы кара” деген аталыштагы видеоматериал жарык көргөн. Анда каарманыбыз Айгерим Төлөгөнова кандын рагына чалдыкканын, кыздары үчүн жашагысы келерин айткан. Оорунун азабын акыркы 3 жылдан бери тартып келерин айткан Төлөгөнова операцияга тиешелүү каражат чогулбай жатканына байланыштуу бизге кайрадан кайрылды. Каарманыбыз “Ушул оорум менен жолдошумду, кыздарымды кыйнап койдум. Же аял болуп кыйратпай, же эне болуп кыйратпай, өзүмдү жеп жатам” дейт.
“Атам бизди зордуктап, камалып, апам энелик укуктан ажыратылган” | Тагдыр
22 жаштагы Зарина Керимкулова бала кезинде атасы тарабынан зордукталып, мындан улам атасы камалып, ата-энеси энелик укуктан ажыратылганын айтат. Ошентип каарманыбыз...









