23-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйынында анын катышуучулары Кыргыз мамлекетинин аталышы тууралуу талкуулашкан. Анда экс-министр Марат Кайыпов мамлекеттин аталышы Республика Кыргыз болсун десе, «Кыргыз Жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев Кыргыз Эл Республикасы деп атоону сунуштаган. «Бакдөөлөт» фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев болсо Кыргызия деген сунуш көтөрүп чыккан. Бул талкуу эл ичинде да кызуу жүрүп жатат, андыктан алардын пикирин угуп көрдүк.
Такси кызматында иштеген аял: «Жолдошум иштебей эле кой дейт»
"Тузу оор кесиптер" долбоорунун бул жолку каарманы Бишкектин көчөлөрүн беш манжасындай жакшы билет. Анткени ал 14 жылдан бери такси кызматында...










