Буга чейин SEREPTV телеканалы 11 бала төрөгөн Аксана Ташматованын жашоосун баяндаган (видео бул жерде: • Кепедей үйдөгү кем турмуш. “Ташиевдей эл а… ). Ал Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде таштанды полигонунун айланасында жашап жаткан. 24-сентябрь күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев каарманыбыздын үй-бүлөсүнө жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Биз Ташматованын үйүнө барып ак өргөөсү менен таанышып кайттык. Ал алардын жакшылыгына себепчи болгон SEREPTV телеканалына жана үй белек кылган Камчыбек Ташиевге ыраазычылык айтты.