Сиренанын үнүн жаңырта чакыруулар боюнча медициналык жардамга муктаждарга шашып жүргөн тез жардам кызматкерлерин көрүп жүрөбүз. Дал ошол тез жардам кызматында 33 жылдан бери эмгектенген Айнагүл Алымкулова SUPERTV’га өз ишиндеги эсте калган, жүрөк үшүн алган, кейиткен жана кубанткен учурларды эстеп айтып берди.
Итке таланган баланын окуясы. “Балам 2,5 жашында апасынан калган”
1-апрель күнү Бишкек шаарынын Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда 5 жаштагы Умарды иттер талап кеткен. Натыйжада бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган....









