“Жубайым төрөттөн каза болду. 5 балам жетим калды” | Акыйкаттык издеген ата
SEREPTV телеканалына Мухаммад Иман уулу кайрылып, анын 28 жаштагы жубайы Наргиза Якубжонова 29-октябрь күнү Бишкектеги №6 төрөт үйүндө бешинчи төрөтүнөн кийин каза болуп калганын айтып, акыйкаттык издеп жатканын билдирди. “Жубайым экөөбүздүн тең ата-энебиз жок. Эми балдар да энесиз калды” деген ал президентке кайрылды. Толугу менен SEREPTV ютуб каналынан көрө аласыздар.