Кечээ, 2-февраль күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Майское айылында жакын туугандардын үч баласы үйдүн жанындагы көлмөгө чөгүп кеткен. 5 жаштагы кошуна бала аларды көрүп, апасына айтып барып, башкаларды жардамга чакырышкан. SEREPTV телеканалы каза болгон балдардын айылына барып, жакындарынан окуянын чоо-жайын укту.
Изделип, сөөгү табылган Санжардын апасы: “Баламдын өлгөнүнө дале ишене элекмин”
4-апрелде Санжар аттуу 16 жаштагы бала үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, апасы соцтармактагы баракчасы аркылуу ага издөө салган. Санжарды...









