28 жаштагы Нурсултан Алмашов жашоодо терс жоруктары жок, бир үйдүн ишенген, таянган уулу болчу. Ал ушул жылдын 3-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бир нече сааттан кийин, Сокулук района караштуу Кызыл-Туу айылынын көчөлөрүнүн биринен анын жансыз денеси табылган. Жанындагы буюмдарын чогултуу учурунда Нурсултанга тийиштүү уюлдук телефону жана акчасы жок болуп чыккан. Соттук-медициналык экспертиза алгач “өзүнүн кусундусуна какап каза болду”— деп тыянак чыгарган. Бирок ал өлүм боюнча суроолор көп эле. Туугандарынын арыздарынан улам кайра комплекстүү экспертиза дайындалып, ал башына тийген соккудан улам каза тапканы аныкталды. СуперТВ телеканалы жана Репортаж СУПЕРТВ Ютуб каналынан окуянын чоо жайын көрө аласыздар.
28 жаштагы Нурсултандын сырдуу өлүмү
- Categories: КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
Related Content
Изделип, сөөгү табылган Санжардын апасы: “Баламдын өлгөнүнө дале ишене элекмин”
Автор
Айзада Тураркулова
11:03 15.04.2026
Нарындагы окуучунун өлүмү: Иш "кыргызча" жабылып кетеби?
Автор
Айзада Тураркулова
09:03 09.04.2026
6-кабаттан кулап каза болгон эне-бала жерге берилди. Тараптар эмне дейт?
Автор
Айзада Тураркулова
09:26 07.04.2026
Окуучу сабады делген мугалим: “Жандандыруу бөлүмүндө жаттым”
Автор
Айзада Тураркулова
09:42 25.02.2026
"20 мүнөттө эле сөөгүн алып келишти". Сокулукта көлмөгө чөгүп каза болгон балдардын жакындары
Автор
Айзада Тураркулова
17:40 03.02.2026