Изделип, сөөгү табылган Санжардын апасы: “Баламдын өлгөнүнө дале ишене элекмин”

4-апрелде Санжар аттуу 16 жаштагы бала үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, апасы соцтармактагы баракчасы аркылуу ага издөө салган. Санжарды милиция, интернет колдонуучулар жана ыктыярчылар чогуу издешип, 10-апрелде анын сөөгү табылган. Маркумдун кандай жагдайда каза болгону учурда белгисиз. Санжардын каза болгонуна байланыштуу анын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Баланын апасы Гүлнура Сапарбекова уулун акыркы ирет качан көргөнүн айтып, иш тыкыр иликтенүүсүн талап кылат.