Окуучу сабады делген мугалим: “Жандандыруу бөлүмүндө жаттым”

16-февралда Бишкектеги №83 мектептин аскерге чейинки даярдоо предметинен сабак берген мугалим менен окуучунун ортосунда пикир келишпестик болуп, кол көтөрүү менен аяктаган. Милиция аталган факт боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Учурда Болатхан Карибжанов борбордогу ооруканалардын биринде дарылануусун улантып жатат. «Окуя мен күтпөгөн жерден болуп кетти. Ошол жерде эсимди жоготуп кулаптырмын” деген ал азыр абалы жакшырып калганын айтып берди. Биздин телеканал окуучунун ата-энесинин пикирин угууга даяр.