Үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрь күнү Бишкектеги университеттердин биринин жатаканасында 2005-жылы туулган кыз асынган абалда табылган. Маркум Алтынай Канатбекованын апасы “Кызым кантип керебетке асынып алсын, анын өз өмүрүнө кол салганына ишенбейм” дейт. Ал эми бул окуя боюнча жатакананын кызматкерлери эмне дейт? Сөөктү биринчилерден болуп көргөн күбөчү? 17 жашында өмүрдөн кеткен Алтынайдын өлүмү боюнча бир канча тараптын пикирин угуп көрдүк.
Дагы бир окуучу. Кара-Сууда 9-класстын окуучусу рэкетчиликтен каза тапты
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Каратай айылында 9-класстын окуучусу мектепте балдардын ур-токмогунан улам каза болгон. Маркумдун ата-энеси "Уулубуз өлөрүнө чейин бир...
З