«Чолпонум» деп ат коюп
Чоң казалды баштадым.
Аялзаттан сенчелик
Ашкан сулуу таппадым»…
Бул ырды окуп жатып, сиз да обонго салып ырдадыңызбы?
Дал ушул жана башка ырлардын автору, ырчы, обончу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алибаев жубайы менен «Жан шерик» берүүсүнүн кезектеги каармандары.
Алибаев «Жубайым менен 53 жашымда таанышкам» дейт. 25 жылдан бери бирге түтүн булатып жашап келе жаткан жубайлардын маеги видеодо.
Эл алдында Санжардын сырын ачкан Тынар Курбаналиев
Куудул Санжар Бердибеков Бишкекке жеке концертин берди.”Көптөн бери сахнага чыкпай сагынып калыптырмын, тердегенче рольдон чыкпай интермедия ойнодум. Буга чейин силерге...









