“Hello, Kyrgyzstan boys” деп ырдаган «Максат Бишкек» тобунун солисттери менен маектештик. “Биздин учурда жандуу ырдап концерт берчү элек, азыркыдай фонограмма деген нерсе жок эле. Той-топурларга дагы чыгып калганда тынбай ырдатышчу, көрүүчүлөр дагы башкача болчу. Ошондо ырдап жүргөн ырыбыз 30 жылдан кийин минтип кайрадан хит болуп жатат” дейт бир тууган ырчылар.
Жылдызбек Касеинов, актёр: “Оюңда кредит, үй болсо, спектакль ойноо кыйын”
Актёр Жылдызбек Касеинов менен маектештик. "Көрүүчүлөр бизди тасмалардан көрүп эле бай деп элестетишет, бирок чындыгында андай эмес. Театрдагы айлыгым 20...









