Бүгүн күнгө жекшемби, 31-январь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 5 айга жакындап калды. 20 күн мурда мурда президенттик шайлоо өтүп, жарыштан утуп чыккан Садыр Жапаров ушул аптада президенттик кызматка расмий киришти. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде Сегизбаев, Асанов, Абылгазиевдин кармалышына байланыштуу саресеп салууну туура көрдүк.
25 күндө 7 депутат кетти
Бир айга жетпеген убакыттын ичинде 7 депутат мандатын тапшырды. Анын ичинен үчөө эле ушул аптанын ичинде Жогорку Кеңештеги креслосун бошотуп...









