Бүгүн күнгө жекшемби, 31-январь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 5 айга жакындап калды. 20 күн мурда мурда президенттик шайлоо өтүп, жарыштан утуп чыккан Садыр Жапаров ушул аптада президенттик кызматка расмий киришти. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде Сегизбаев, Асанов, Абылгазиевдин кармалышына байланыштуу саресеп салууну туура көрдүк.
ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар — бул тазалануубу же тирешүүбү? Депутаттардын жообу
Соңку апта ичиндеги эки күч түзүмүнүн ортосундагы окуялар соцтармакта талкууга жем таштап, ар түрдүү жоромолдорду жаратууда. Буга байланыштуу депутаттарга суроо...









