Кечээ, 10-февралда Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул боюнча президент өз түшүндүрмөсүн берди. Бүгүн Ташиев кайрылуу жасап, президенттин уруксаты менен Германияга дарыланганы барганын, иштен алынганы ал үчүн күтүүсүз болгонун жана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүргөнүн белгиледи. SEREPTV телеканалы эл өкүлдөрүнө «Ташиевдин кызматтан алышы боюнча кандай комментарий бере аласыз?” деген суроо менен кайрылып көрдүк.
ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар — бул тазалануубу же тирешүүбү? Депутаттардын жообу
Соңку апта ичиндеги эки күч түзүмүнүн ортосундагы окуялар соцтармакта талкууга жем таштап, ар түрдүү жоромолдорду жаратууда. Буга байланыштуу депутаттарга суроо...









