“Душнила” деп таанылган Самат Субанов өлкөдөгү жана дүйнөдөгү белгилүү адамдардын маектеринде орус тилинде кетирген каталарды оңдоп, видео тартып, соцтармактагы баракчасына жарыялайт. Жакында эле анын кыргыз тилине байланыштуу тамашасы интернетте тарап, элдин сынына калды. Бул окуя боюнча Субанов “Ал видеого тартылганыма өкүндүм. Учурда лингвистикалык экспертиза жүрүүдө. Кандай болсо да, мыйзам алдында жоопко тартылууга даярмын” дейт.
Үмүтай Абдышованын уулу апасынын бардык сырын ачты
"Чоочун адамым”, “Кайрылып келсең болбойбу?" ырларын ырдап көпчүлүктү суктандырган эне-бала менен маектештик. "Уулум менен чогуу жашаганыма 1 ай болду, азыр...









