“Келиниңди обужок кыласың дегендер бар” дейт ырчы Баян Сыдыкованын кайненеси

“Кагылайын, кайын-журт” долбоорунун кезектеги каармандары ырчы Баян Сыдыкова жана анын кайненеси Гүлбүбү Мамырканова. Ырчы кайненеси жөнүндө “Менин апам – алтын эмес, бриллиант, төркүнүм билбеген сырларды кайненем билет” десе, өз кезегинде кайненеси “келиним эрке, уулума караганда келиним менен жакшы сүйлөшөм” дейт. Сый менен сүйүүгө толгон кайнене-келиндин маегин видеодон көрүңүз.