Бул – “Жан шерик” берүүсү. Кезектеги конокторубуз ырчылар Суран Садыбакасов жана Айжанат Асылбекова. Садыбакасов “Биз студент кезибизде баш кошконбуз. Турмуш-тиричилик деп мен окууну таштап койгом. Жубайым курсакта бир бала көтөрүп, колунда бир бала жетелеп жүрүп окуусун бүттү. Эрте турмуш куруунун жакшы жери – убакытты утат экенсиң. Кудай берген 6 баланын ата-энесибиз” дейт. Түгөйлөрдүн сүйүү баяны видеодо.
Үмүтай Абдышованын уулу апасынын бардык сырын ачты
"Чоочун адамым”, “Кайрылып келсең болбойбу?" ырларын ырдап көпчүлүктү суктандырган эне-бала менен маектештик. "Уулум менен чогуу жашаганыма 1 ай болду, азыр...









