Бүгүн күнгө жекшемби, 20-декабрь. Бул аптада президенттикке ат салышкандардын үгүт кампаниясы башталып, шайлоонун жыйынтыгына шек жаратышы мүмкүн болгон окуялар да орун алууга үлгүрдү. Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов вазыйпасынан пайдаланып, Ош менен Жалал-Абадда иш сапарында жүрөт. Сентябрда Сооронбай Жээнбеков, эки айдан кийин Садыр Жапаров, кайра эки айга жетпей Талант Мамытов. Жогорудагы облустардын тургундары ары-бери үч айдын ичинде эле айылчылап келген үч президентти тосуп алышты. Мындай көрүнүшкө Кыргыз өлкөсүндө гана күбө болууга мүмкүн. Өмүрүн узартып алган Жогорку Кеңешке келсек, “чимкирик” атыккан депутаттар референдум тууралуу мыйзам долбоорун ары тоголотуп берген соң, эми экономикалык амнистия тууралуу талаштуу долбоорго билек түрө киришип, буга кошумча Аида Касымалиеваны вице-спикерлик креслодон түшүрүү операциясы башталды. Өкмөт болсо, күн алыс ар кандай маалыматты четке кагуу менен убара. Ушул жана башка жума ичиндеги башкы окуяларга “Аптага серепте” саресеп салып көрөлү.
Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөт тарагандан кийин кармалган Тайчабаров үй камагына чыкты
Күндүн негизги жаңылыктары УКМК 100 миң доллар пара талап кылууга шектелген милиция кызматкерлери кармалганын кабарлады; УКМК ИИМдин коомдук коопсуздук кызматындагы...









