“Туңгуч” жаштар театры тарабынан даярдалган “Жесир” спектаклинин бет ачары Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында коюлду. Бул спектакль Казакстанда өткөн 3-эл аралык театр фестивалында көрсөтүлүп, анда “мыкты режиссура” наамына ээ болгон. Спектаклдин режиссёру – Арнис Кыдырмышев. Башкы ролдо КРнын эмгек сиңирген артисти Альбина Имашова.
“Келиндер козголоңун” коюп батир сатып алган артисттер
Мындан 20 жыл мурда “Келиндер козголоңу” аттуу чыгарманы алгачкылардан болуп кыргыз коомчулугуна тартуулаган ырчы Асел Турдалиева жана бир катар артисттер...