“Кене, жылан чакса же ит тиштесе эмне кылуу керек?”

Кененирээк «Жашоо медиа» сайтында.

Биз дарыгерге чейинки жардамга арналган «Эгерде … болсо эмне кылуу керек?» деген материалдар сериясынжарыялоону улантабыз. Долбоордун авторлору — ЖашооМедиа ден соолук жөнүндө маалыматтык порталы. БүгүнБишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева менен көп кезиккен жагдай – коркунучтуу курт-кумурскалар чаккан жана жаныбарлар тиштегенкырдаалдарды карап көрөбүз …

Уулуу жыландар Кыргызстанда сейрек кездешет, бирок алардын чагып алуу тобокелдиги бар. Эгерде жылан чагыпалган болсо төмөнкүдөй аракеттерди кылуу зарыл:

1-кадам. Жараатты таӊганга жана кескенге болбойт.
2-кадам. Жарааттын ордун аккан суу менен жуугула, жарааттын айланасын акырындык менен ортосун көздөйныгырып, ууну кылдаттык сыгып чыгарганга аракеткылгыла.
3-кадам. Токтоосуз түрдө дарыгерге кайрылгыла, себебиууга каршы каражат (антидот) саюу керек болуп калышымүмкүн.

Кене чагуу бир кыйла кеӊири таралган жана коркунучтуукөрүнүш. Кан соргуч курт-кумурскалар кене энцефалитисыяктуу кооптуу ооруларды алып жүрүшү мүмкүн.

1-кадам. Кенени чыгаруу үчүн жипти колдонгула: жиптикененин башына орогула жана сааттын жебесине каршытарапка бурап кылдат тартып чыгаргыла.
2-кадам. Кенени чыгаргандан кийин аны айнек идишкесалгыла жана жакынкы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна анализге алыпбаргыла.
3-кадам. Инфекциянын алдын алыш үчүн дарыгергекайрылгыла.

Ит тиштеген учурлар абдан көп кездешет. Адамдар көбүнчөбакма жана жолбун иттердин азуусунан жабыркайт. Унутпагыла, атүгүл ит канчалык дени сак көрүнсө дагыжараатты иштетүү керек.

1-кадам. Ит тиштеген жараатты аккан суу менен жуугулажана стерилдүү таӊуу койгула.
2-кадам. Селеймеге жана кутурмага каршы эмдөө алуу үчүнтоктоосуз түрдө дарыгерге кайрылгыла, айрыкча тиштегениттин эмдөөсү болбосо же жолбун ит болсо өтө кооптуу.

Жашоо медиа деген эмне? Бул ден соолукка, жекенатыйжалуулукка жана өзүнө кам көрүү маселелеринеарналган маалыматтык портал. Анын миссиясы – жашоонунсапатын жакшыртуу, зыяндуу адаттар менен күрөшүүбоюнча текшерилген сунуштамаларды ж.б. окурмандаргаберүү. Сиздер Жашоо Медиа порталынан эксперттер жазганмакалаларды, өзүн өзү өнүктүрүү, физикалык жанаэмоционалдык бакубатчылыкты колдоо боюнчапрактикалык кеӊештерди таба аласыздар.