Ар бир экинчи чоң Кыргыз жараны (56,2 пайызы) семиздиктен жабыркайт. Мындай маалыматты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан таратышты. Ашыкча салмак эмнеси менен кооптуу? Семиздик бир гана көп тамак-аш жегенден пайда болобу? Ден соолукка зыянын тийгизбей, кантип арыктоого болот? Салмак кошуп албоо үчүн эмне кылуу керек? Ушул жана башка суроолорго «TV шыпаакана» берүүсүндө эндокринолог Дилбар Сатарова жооп берди.
Баланын карышуусу (судороги) же талма. Кантип айырмалоо керек?
"Жылдык эсеп менен алганда ооруканага түшкөн балдардын 70 пайызы талма оорусу менен катталат", - дейт Шаардык балдар клиникалык тез жардам...