Байэл 10 жашта. Аны интернетте ашыкча салмактан арылуу үчүн машыгып жаткан бала катары таанышат. Анын бул аракетин интернетте миллиондогон адам көрүп, колдоп-сүрөп жатышат. “Мындай колдоо Байэлге шык берип, максатынан тайбоого жардам берет” дейт анын апасы. Бул берүүдө биз Байэлдин кантип машыгып жатканын көрүп, өзү жана машыктыруучусу менен маектешип келдик.
Токтомуш Жекшенбай уулу: “Уулум ооруканага улактай секирип барып, сөөгү чыкты”
Спорттук кабарчы Токтомуш Жекшенбай уулу социалдык тармакта баласы тууралуу “кечээ уулум Бишкекте ооруканада чарчап калды. Буга себеп дарыгерлердин шалаакылыгы” деген...