СуперТВнын «Тузу оор кесиптер» долбоору бул ирет 10 жылдан ашык убакыттан бери таттуу кебез сатуу менен алектенген Байыш Закировдун иши тууралуу материал жасадык. 60 жаштан ашканына карабай 15 чакырым аралыкты жөө басып, шаар көчөлөрүн аралап пахта кант саткан каарманыбыздын көп жаштарга, деги эле коомчулукка үлгү боло ала турган жактары көп. Ал бул ишке кантип келип калганын, ооруганына карабай адал эмгек менен нан таап келе жатканын айтып берди.
Меккеге велосипед менен 60 күндө барган киши
Бул жолку каарманыбыз Марат Ниязмат уулу Сауд Арабиясындагы Мекке шаарына велосипед менен 59 күндө жеткенин айтат. Ал бул берүүдө жолдогу...