Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга кетип дайынсыз жоголгон ата-бала изделүүдө. Дайынсыз болуп жаткан жарандардын жакындары “Алар 5 күнгө мал кайтарууга кетишкен. Салып берген тамак-аштар желбептир. Сууда экени же талаада экени белгисиз болуп, 20 күндөн бери издеп жатабыз” дешет.
Видеоматериалдагы медиафайлдар дайынсыз жоголгон жарандардын жакындарынын уруксаты менен колдонулду.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









