Уларбек Тентиев 43 жашта, анын иниси Бакыт Тентиев 38де. Бир туугандардын экөөнүн тең тубаса акыл-эс жагынан майыптыгы бар. Мындан улам, билим алышкан эмес, үй-бүлө да курушкан эмес. Дайыма бир адамдын көзөмөлүндө болушу керек. Ошондуктан, аларды 70ке таяп калган ата-энеси багат. Кирин жууп, тамагын жасап, алтургай мончого алып барып жуунтуу да – ата-энесинин моюнунда. Үй-бүлө Кемин районундагы Шабдан айылында жашайт. Бул ирет дал ушул үй-бүлөнүн баянын чагылдырабыз.
Жарым кылым экрандан түшпөгөн актёр рак менен алышууда
Бир канча тарыхый тасмаларда роль жараткан актёр, КРнын Эмгек сиңирген артисти Абдыкалык Акматов оор абалда ооруканада жатат. Биз анын абалын...









