“Айыпкер менен соттон көрүшкөндө араң кармандым” | Кызы жана неберелеринен айрылган апа

Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Бишкектин 5-кичирайонунда апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси алар жашаган үйдө табылган. Көп өтпөй кылмышка шектүү кармалган. Киши колдуу болуп өлгөн 51 жаштагы Алтынай Канзаманованын апасы Үрү Дюшебаева бүгүнкү күнү адилеттүүлүк издейт. Бул видеодо 82 жаштагы апа муңун, кайгысын айтып берди.