“Алиясыз үйүбүз ээн калды” | Стоматологияда чарчап калган кыздын окуясы

3 жаштагы Алия 18-декабрь күнү Бишкектеги стоматологиялык клиникада чарчап калган. Андан бери 1 ай өттү. Бөөдө жерден чырактай кызынан айрылган үй-бүлө дале акыйкаттык издейт. 19-январда Алиянын жакындарын Саламаттыкты сактоо министринин кабыл алуусунда болду.