SEREPTV телеканалы мындан 3 ай мурда “Өзгөлөр эмес, өз бир туугандарым менден жийиркенет” деген Адилет Өмүрбеков аттуу Талас шаарынын тургунунун аянычтуу тагдырын тарткан. «Дал ошол видеоматериалдан кийин көпчүлүктүн жардамы менен ак өргөөлүү болдук» деп каарманыбыз бизге сүйүнчүлөп чалды. Биз, SEREPTV телеканалы Өмүрбековдордун үйүнө өрүлүктөп барып келдик.
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









