Алмазбек Атамбаев ден соолугу жол берсе, эртеңки сотко катышат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезип калды. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президент тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

«Атамбаевдин бронхит оорусу басаңдап, жөтөлү да азая баштады. Бирок кан басымы дагы эле туруксуз бойдон калууда. Эртең, 11-ноябрда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны белгиленген. Эгер Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу жол берсе, анда ал сотко катышат» — деп белгиледи юрист.