12-декабрь таңга маал Бишкектин Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде “Тазалык” ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп, ал каза болгон. Маркумдун үй-бүлөсүнө мэриянын фондунан 50 миң сом кенемте төлөнгөн. Биз маркумдун агасы жана жубайы менен окуя болгон жерге бардык. “Күйөөмдүн артында жашы жете элек 6 балабыз калды. Айдоочу жайыраак айдаса, балким күйөөм тирүү калмак беле” дейт. Толугу менен видеодо.
Жалал-Абадда каза болгон 32 жаштагы келиндин жакындары акыйкаттык издешет
Аксы районунда каза болгон келиндин жакындары тергөө иштерине нааразычылыгын билдиришип, иштин адилет каралышын суранышат. Маркум келиндин ата-энеси кызынын өз жанына...









