“Ананайын, ананайын, аттадың бир ак үйдүн босогосун…”
90-жылдары хит болгон дал ушул “Ананайын” аттуу ырды билбеген кыргыз аз болсо керек. Дал ушул ыры менен элге таанылган ырчы, «Жаш кыял» тобунун солисти, жетекчиси Бахадыр Карабаев былтыр ноябрь айында 47 жашында акка моюн сунган. Ырчы тууралуу анын жубайы жана кызы “таңкы намаз окуп жатып каза болду” деп эскеришет.
“Жубайым каза болуп, 2 кызымды жалгыз бактым” дейт Талас шаарынын тургуну
Берембек Бакалов 43 жашта. Ал жубайы каза болгонун, 2 кыздын атасы экенин айтат. Кышкысын көмүр каптап иштесе, жайкысын күнүмдүк иштерди...