Интернетке Толкунбек Курманбеков Бишкектеги соода борборлордун биринин алдында “Жалгыздыктан тажап бүттүм” аттуу ырды аткарып жаткан учурда тартылып калган видео тарап, анда ырды угуп көзүнө жаш алган аял көпчүлүктүн талкуусуна түштү. Көп өтпөй “дал ошол видеодо ыйлап жаткан аял менин 21 жыл мурда жоголгон апам болушу мүмкүн” деп кызы издөө салды. Биз дал ошол апасын издеген Айпери Айдарбекованын үйүнө видеону интернетке жарыялаган ырчы Толкунбек Курманбеков менен барып келдик.
“Кайын журтум кызымды “биздин үйдө төрөлгөн жок” деп кабыл албай койду” 5 баланын энеси
Бул жолку каарманыбыз 5 баланы жалгыз баккан 27 жаштагы келин. Ал балдары менен шаар четиндеги таштанды таштоочу жайдын айланысында жашайт....