Кечээ, 15-ноябрда, президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2 объектинин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3000 сомго төмөндөөрүн убадалаган. Бүгүн Бишкектин Мурманская көчөсүндө жайгашкан көмүр базасында бир тонна көмүр 3 миң сомдон сатылууда. Биз аталган дарекке барып көмүр алууну каалагандардын узун кезегине күбө болдук. 16-ноябрь, түшкө карата аталган жайда көмүр алууну каалагандардын саны 800гө чукулдаган.
«Өкмөт жакшы иштеген жетекчини көпкө иштетсе болмок». «Кыялдын» кызматкерлеринин кайрылуусу
Редакцияга Бишкектеги "Ош базарында" жайгашкан "Кыял" ишканасынын кызматкерлери кайрылышты. Алардын айтымында, аталган ишканага жарым жылдай мурда эле дайындалган директору бир...