Дилбара Асанакун кызынын башынан кечирип жаткан аянычтуу тагдырын биз өткөн жылдын январь айында тартканбыз ( • “Кош бойлуу кезим… ) Анда ал рак менен күрөшүп жатканын, биринчи күйөөсү оорудан каза тапса, экинчиси таштап кеткенин айткан эле. Арадан 1,5 жыл өттү. Бүгүнкү күнү каарманыбыз 2 баласын дале жалгыз багууда. Ал бул видеодо “өмүрүмдүн акыркы айларын жашап жатканымды сезип калдым. Көзүм өтүп кетсе, балдарымдын көрөр күнү эмне болот “ деп ыйлап, учурдагы жашоосу тууралуу айтып берди. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0709 33 29 33
Аман, Эсен, Болот: “Биздин атыбызды доктурлар коюшкан”
Жаңы 2025-жылыңыздар менен! Биздин бул жолку конокторубуз 3 эм жигиттер Аман, Эсен жана Болот. 19 жаштагы 3 эм аларга ысымды...