Балдары сабалган келиндин атасы: «Кудагыйым кызымды алдап насыя алдырган»

Мындан бир нече күн мурун Чүй облусунун Сокулук районунда өз атасы тарабынан сабалды делген 3 жана 5 жаштагы балдар тууралуу көрсөтүү жарык көргөн. Андан соң балдардын таятасы “Кудагыйым эки неберемди, алардын жана кызымдын документтерин бербей жатат” деген айып коюп, кайрадан кайрылууга аргасыз болуп жатканын билдирди.